Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 11-октябрда жумушка чыкты. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын кызматкерлери билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн башкы прокурордун катышуусунда чукул жыйын өткөн.
Ага Башкы прокуратуранын жеке курамы, Бишкек шаарынын, Чүй облусунун жана Бишкек шаары менен Чүй облусундагы райондордун прокурорлору катышкан. Ишти штаттык режимде улантуу тапшырмасы берилгени белгилүү болду.