• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташиев: Баш прокурордун жакынынын кармалышын трагедия же тирешүү деп кабыл албаш керек

18 Жалган куран 2023 20:30 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажыдагы коррупциялык схемага тиешеси бар делинип кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бар экенин ырастады. Айтымында, башкы прокурор экөөнүн ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок.

«Акыркы күндөрү социалдык мессенджерлерде «Башкы прокуратура менен УКМК тирешип жатат» деген пикирлер айтылууда. Ошого бир аз түшүндүрмө бере кетейин. Башкы прокурор экөөбүздүн ортобузда эч кандай пикир келишпестик, тирешүү жок. Биз мыйзам чегинде өзүбүздүн ишибизди аткарып жатабыз. Бажыдагы коррупциялык схема боюнча кармалгандардын арасында Курманкул Зулушевдин кайниси бар экени чындык. Бул ишке Курманкул Зулушевдин, анын ишинин эч кандай тиешеси жок. Кайниси сурак берип жатат, мамлекетке зыян келтирсе толуктап, мыйзамдуу жазасын алат. Мындай көрүнүштөр болуп келет. Ачык айтпайбыз да. Көптөгөн чоң кызматтагы адамдардын жакындары кармалып, жоопко тартылып жатат. Эгер, мамлекеттик кызматтагылардын жакындары мыйзам бузган болсо аларга эч кандай аёо болбойт. Бул президенттин тапшырмасы. Башкы прокурордун жакынынын кармалышын трагедия же тирешүү деп кабыл албаш керек», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 306