• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Зулушев менен Ниязбеков Баткен жана Ош облустарын кыдырат

23 Баш оона 2022 16:19 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков аймактарды кыдырып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларын улантат.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, сентябрда алар Баткен, Ош облусу жана Ош шаарында жолугушууларды өткөрөт.

«Жолугушуулар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өткөрүлүп жатат. Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары жана көзөмөлдөөчү орган менен ички иштер министрине өз көйгөйлүү маселелерин түз айтып, айрым учурларда суроолоруна жоопторду дароо алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Андыктан аталган жетекчилерге, алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселеңиздер болсо төмөндөгү графикти карап, бул жолугушууларга катыша аласыздар.

Жолугушуулардын өтө турган так дареги боюнча кошумча маалымат берилет», — деди Эрбол Султанбаев.

Количество просмотров: 82