• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстандын аялдар кыймылы 30% гендердик квотанын ишке ашыруу механизмин сактоону талап кылууда

12 Баш оона 2021 16:32 Бишкек Govori.TV

Гендердик теңчиликти илгерилетүү жаатында иш алпарган 180ден ашуун уюмдар менен эксперттерди бириктирген «Зомбулукка каршы БИРГЕ» кыймылынын активисттери 30% гендердик квотанын ишке ашыруу механизмин сактоо жана аялдардын өлкөнүн мыйзам чыгаруу органында өкүлчүлүгү болушун камсыздоо үчүн КРнын Президентине Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 28-июлунда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Конституциялык мыйзамын кайра иштеп чыгууга жөнөтүүсүн өтүнүштү.

Аталган мыйзамга ылайык, депутаттык корпусту пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54 депутаттан жана мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округ боюнча шайланган 36 депутаттан куроо сунушталган. Дүйнөлүк жана улуттук тажрыйба, анын ичинде 2005-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоо көрсөткөндөй, аялдардын мажоритардык тутум боюнча шайланууга болгон мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Демек, конституциялык мыйзамда каралган талапкерлердин тизмесиндеги 30 пайыздык аялдардын өкүлчүлүгү жөнүндөгү убактылуу атайын чара 54 мандатка гана тиешелүү болуп калат да, шарттуу түрдө айтканда аялдар 90 мандаттын ичинен болгону 16 мандатка гана ээ боло алышат, бул болсо аялдардын өкүлчүлүгү парламентте эң көп дегенде 18% түзө тургандыгын билдирет. Аялдар калкыбыздын 52 пайызын түзгөндүгүнө карабастан, алардын азыркы парламенттеги өкүлчүлүгү 17 пайыздан ашпайт жана негизи эле Кыргызстандын парламентиндеги аялдардын өкүлчүлүгүнүн деңгээли пайыздык катыштан алганда эч качан толук 30 пайызга жеткен эмес. 

Электораттын басымдуу бөлүгү болгон аялдарга адилет мамиле жасалышы максатында, Кыргызстандын аялдар кыймылы мыйзам долбоорун иштеп чыгууда төмөнкү мыйзам ченемдерин кароону сунуштайт:

  1. Пропорционалдык тутумдун негизиндеги бирдиктүү шайлоо округу боюнча мандаттарды бөлүштүрүү квотасын көбөйтүүнү сунуштайбыз.

Аталган сунуш кабыл алынган учурда саясий партиялардын тизмелери эркектер менен аялдарды катыштыруунун паритет принциби боюнча, тактап айтканда, тизмеге кезектешип киргизилген 27 эркек менен 27 аялдан куралмакчы. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин түзүүдө аялдар үчүн квотаны 50 пайызга чейин жогорулатуу боюнча сунушталган ченем 27 мандат бөлүштүрүлөт дегенди билдирет, бул болсо 90 депутаттан турган парламенттин курамынын 30 пайызын түзөт.

  1. Депутаттын ваканттык мандатын тизме боюнча башка жыныстагы талапкерге берүүнүн мүмкүн эместигин мыйзам жүзүндө бекемдеп коюуну сунуштайбыз. 

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын изилдөөсү көрсөткөндөй, партиялар аял талапкерлердин тизмесин түзүүгө абийирсиз мамиле кылгандыгынан улам добуш берүүгө чейин жана андан кийин квота боюнча талаптардын бузулушу орун алып, талапкерлердин тизмесинен аялдар, жаштар, этностук азчылыктар жана ДМЧА четтетилип, бул талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуунун мыйзамсыздыгы жөнүндө соттук териштирүүлөргө алып келген учурлар бар. Жакында өткөрүлгөн шайлоодон кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайланган аял депутаттарга көп сандаган кысым көрсөтүүлөр орун алгандыгы коомчулукка маалым болду. Аял талапкерлердин санын факты жүзүндө азайтуу сунушун (партиялардын тизмесинде алардын саны 16дан ашпайт), ошондой эле «аял талапкерлерди сүрүп чыгаруу» терс көрүнүшүн мыйзам тарабынан чектөө зарылдыгын эске алуу менен ваканттык мандаттарды тизмедеги башка жыныстагы талапкерге берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууну сунуштайбыз.

Көрсөтүлгөн сунуш кабыл алынган учурда саясий партиялар тизмелерин реалдуу талапкерлерден курай турган болушат, анткени шайлоодон кийин «талапкерлерди сүрүп чыгаруу» практикасын колдонуу партиянын парламенттеги орундарын жоготуп алуусуна алып келет. Мындай чара ошондой эле шайлоочулардын саясий партияларга болгон ишенимин да жогорулатат.

Количество просмотров: 148