• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Башка бирөөнүн мүлкүн сатып жиберүүгө шектүү жаран кармалды

10 Бугу 2022 16:50 Бишкек Govori.TV

Ошто башка бирөөнүн мүлкүн сатып жиберүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардк милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип качып жүргөн коӊшу өлкөнүн жараны Ш.У. кармалды. Ал 2021-жылдын 12-сентябрында Ош шаарынын Төлөйкөн кичирайонунун тургунун алдоо жолу менен 615 миң 550 накталай акчасын жана баасы 15 миӊ доллар турган «Тойота» үлгүсүндөгү унаасын алдап алып, изин жашырып кеткен.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү Ш.У. Ош шаарынын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан муз тебүүчү аянтча менен бассейнди жабырлануучуга «менин менчигим, аларды, бардык тетиктерин сатамын» деп, жогорудагы белгиленген суммага сатып, акчасын жана машинасын алып, изин жашырып кеткен. Чындыгында ал обьекттер бул шектүүгө таандык эмес жана эч кандай тиешеси жок болгон. Ошондой эле шектүүнүн жанынан «тоо-токой коомдук фондуна» таандык жасалма күбөлүк чыккан.

Учурда Ош ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатат. Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Ш.У. коӊшу өлкөнүн жараны, мурда 6 жолу соттолгон. Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө кызматы бул жарандан жабыр тарткандар болсо 102 жана 0703 22-20-20 телефондоруна кабарлап коюуну суранат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 128