• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

«Башка жактан күлөсүңөр!». Депутат Сурабалдиева төрагага нааразы болду

17 Чын куран 2024 17:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева спикер Нурланбек Шакиевдин дарегине нааразы пикирин айтып, сынга алды.

Депутут «парламентте аялдар сыйланбайт» деген пикирин билдирди.

«Сиз мага депутат катары урмат көрсөтсөңүз болот, мени минтип басынтып эмне кереги бар, урматтуу спикер? Мен күлкүлүү нерсе айтып жатамбы? Башкаларга салыштырмалуу мен аял болсом да, бир мандаттуу округдан өткөн болсом да, мени минтип кемсинтүүнүн кереги жок», -деп наразы болду Сурабалдиева.

Ал эми төрага Нурланбек Шакиев депутатка жооп берип, аны эч ким шылдыңдаган жок деп жооп берди.

Теги:
Количество просмотров: 316