• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Башкы дарыгер пара алууга шектелип кылтакка түштү

7 Аяк оона 202421:25 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда парага алууга шектелип, башкы дарыгер колго түштү.

Чүй облусунун экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Ысык-Атадагы мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдүн башкы дарыгерин пара талап кылган деген шек менен кармашты.

5-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгына Ысык-Атанын Новопокровка айылындагы «А» аталыштагы кафенин ижарачысы О.Т. аттуу адамдан арыз түшкөн. Ал А. аттуу Ысык-Ата мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдүн башкы дарыгери болуп иштеген адам кафенин маселесин оң чечип берүү үчүн ай сайын он миң сомдон төлөп турууну талап кылганын билдирген. Акча талап кылган адам өз кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, текшерүүлөр менен коркуткан.

Бул факт боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (пара талап кылуу) менен кылмыш ишин козгоду.

6-сентябрда ыкчам тергөө иштеринин аркасында он миң сом акчаны алып жатканда 1997-жылы туулган Н.А. аттуу айдоочу жана Ысык-Атадагы оорулардын алдын алуу борборунун жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдүн башкы дарыгери 1988-жылы туулган И.З. кармалышкан. Башкы дарыгер убактылуу кармоочу жайга отургузулган.

Бул иш боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Количество просмотров: 208