• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмүн териштире баштады

6 Үчтүн айы 202417:34 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура Арстан Алай деген каймана ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча тийиштүү кызмат адамдарына карата текшерүүнү баштады.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

«КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 330-бер. 1-бөл. (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен айыпталган А.Абдылдаев (Арстан Алай) Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалып, Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) 21-мекемесинде (ТИЗО-1) кармалган.

2023-жылдын 28-декабрында А.Абдылдаев ден соолугуна даттангандыктан, ЖАКнын 21-мекемесинин дарыгерлеринин жолдомосу боюнча ЖАКнын 31-мекемесинин аймагында жайгашкан борбордук ооруканасына медициналык текшерүү жана дарылоо үчүн которулган.

Аталган 31-мекеменин терапия бөлүмүндөгү палатага А.Абдылдаев жалгыз өзү жайгаштырылып, тийиштүү медициналык дарылоодон өтүп жаткан.

Алгачкы текшерүүдө аныкталгандай, А.Абдылдаев 2024-жылдын 4-январынын 5-январына караган түнү электрочайнектин зымын (шнур) сүлгүсү менен байлап ашкананын тамактануучу бөлмөсүндө асынып алган.

Ал эми, А.Абдылдаевдин асынган абалдагы денеси 2024-жылдын 5-январында таңкы саат 05:15 чамасында табылган.

Количество просмотров: 150