Бишкек.29.03.2019.Govori.TV.
Экс-президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязовго карата 20-мартта кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу арыз келип түшкөн жана бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу «Govori.TV» агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ниязовго карата арызды 2010-жылдын 7-апрелинде каза тапкандардын жана жабыркагандардын жакындары жазган.
Ал эми ИИМ бул боюнча маалымат такталып жатканын айтышкан.
КСДП партиясынын маалыматына ылайык, Фарид Ниязов расмий билдирүү ала элек.