• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Башкы прокуратура Мадумаровго кайсы берене менен кылмыш ишин козгоду?

11 Бирдин айы 2022 10:36 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Мадумаров “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, муну “жүз пайыз саясий иш” деп атады.

Депутатты жоопко тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында Башкы прокуратура ушундай өтүнүч менен кайрылганы белгилүү болгон жана буга байланыштуу тармактык комитет чукул жыйынга чогулган.

Андан соң маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып, депутаттык комиссия түзүлдү.

Количество просмотров: 463