• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Башкы прокуратура: Матраимов боюнча УКМК тарабынан кабыл алынган чечим негиздүү жана мыйзамдуу

16 Чын куран 2021 23:36 Бишкек Govori.TV

УКМКнын тергөө органы тарабынан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иштин кыскартылышы жөнүндөгү чечимине карата коомчулуктагы түрдүү талкууларга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Тергөөнүн жүрүшүндө башкы көзөмөл органы “Азаттык Медиа” мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөнүн материалдарында көрсөтүлгөн, анын ичинде Р.Матраимовдун жана анын жакын туугандарынын ар кандай мүлккө жана активдерге ээ экендиги тууралуу бардык жүйөлөрүн толук текшерүү керектиги тууралуу көрсөтмөлөрдү берген.

Ишти тергөөдө “Азаттык Медиа” мекемесинин материалдарында белгиленген өлкөлөрдүн, анын ичинде Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлгөн. 

Ушул жылдын апрель айында өнөктөш өлкөлөрдөн, анын ичинде Дубай Эмиратынан Кыргыз Республиканын УКМКсы тарабынан расмий документтер алынган. Берилген маалыматтаргаылайык, аталган өлкөлөрдө Р.Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр катталган эмес. 

Такталган жагдайларга таянылып, кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунаылайык кимдир бирөөнүн кыймыл-аракетиндекылмыштын курамы жок деген негизде өндүрүштөн кыскартылган.   

Жазык-процессуалдык кодексинин 248-беренесинде кылмыш иши тергөөчү тарабынан жогорудагы негиз менен кыскартылган учурда, ушул эле кодекстин 118-беренесине ылайык бөгөт коюу чарасы токтоосуз түрдө жокко чыгарылууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн.                    

2021-жылдын 15-апрелинде мыйзамдын жогорудагы нормаларына ылайык, Р.Матраимовго карата кылмыш иши УКМКнын тергөө органы тарабынан кыскартылып, ага карата бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылган. 

Кабыл алынган чечимдин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан текшерилди, аны бузууга негиз жок.

Количество просмотров: 187