• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Башкы прокуратура министр Бейшеналиевге каршы арызды карай баштады

20 Чын куран 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге каршы активист Умай Арыкова жазган арызды карай баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдиргенин «Азаттык» жазды.

Умай Арыкова 16-апрелде Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп Башкы прокуратурага арыз жазган. Ал министрдин уу коргошун боюнча айткандарына укуктук жана юридикалык баа берүүнү талап кылган. Ушундай эле арызды ал 19-апрелде Улуттук коопсуздук комитетине берген. Арыкова министрдин аракетине Жазык кодексининин бир канча беренеси менен, анын ичинде «Саламаттыкка атайлап зыян келтирүү» беренеси менен баа берүү керек деп эсептейт.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Көп өтпөй анын социалдык тармактагы расмий баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыяланган. Анын сыртында «Уу коргошун» деген жазуу болгон.

16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжалуу болгонун айтып чыккан. Журналисттердин алдында уу коргошундун тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгилеген. Медицина тармагында иштеген бир катар адистер жана жарандык активисттер уу коргошундун тундурмасын дары катары колдонуу адам өмүрүнө коркунучтуу экенин айтып, бул аракетти сындап жатышат.

Ал арада «Фейсбук» компаниясы Садыр Жапаровдун COVID-19дан «айыктыруучу дары» тууралуу постун өчүрүп, буга ким болбосун түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат берилбей турганын жүйө келтирди. Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек соцтармактардагы расмий баракчаларындагы билдирүү «тыштан эч кимдин кийлигишүүсүз, жеке демилге» менен өчүрүлгөнүн билдирди.

Латынча Aconítum soongáricum чөбү Кыргызстанда уу коргошун деген ат менен белгилүү. Аны рак жана башка ооруларды дарылоодо табыптар колдонуп келген. Бирок ага медицинада тыюу салынган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уу коргошун коронавирусту дарылоодо натыйжалуу деген маалыматтарды четке какты.

Количество просмотров: 162