• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Башкы прокуратура «Ынтымак» сейил багынын курулушунда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендигин аныктады

2 Бештин айы 202012:27 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан «Ынтымак» сейил багынын курулушуна сарпталган 90 млн. сомдон ашык бюджеттик акча каражатын текшерип, мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

«Сейил бактын курулуш иштери Бишкек шаардык мэриясы тарабынан тийиштүү долбоордук-сметалык иш-кагаздары жок жүргүзүлгөн, ошондой эле инерттүү курулуш материалдарынын, айрым аткарылган иштеринин көлөмү жана баалары негизсиз жогорулатылган.

Коомдук объектилердин курулуш иштери, мамлекеттик сатып алуу процедураларын жүргүзбөстөн жана тиешелүү лицензиясы жок жаран менен мыйзамсыз келишим түзүү аркылуу жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары, белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербеген конкурстун катышуучулары жеңүүчү деп аныкталып, курулуш иштерине керектелчү материалды сатып алуу боюнча негизсиз келишимдер түзүлүп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Аталган фактылар боюнча топтолгон материал 2020-жылдын 24-ноябрында Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 234-бер. (Ачык тооруктарды өткөрүүнүн тартибин бузуу) жана 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш башталды.

Количество просмотров: 109