• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Башкы прокуратура: Жылуулук электр борборуна караштуу сот отурумдары ачык өтөт

9 Чын куран 201912:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.04.2019.Govori.TV.

Башкы прокуратура коомчулукта резонанс жараткан Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоонун алкагында козголгон кылмыш иштеринин соттук отурумдары боюнча түшүндүрмө берди.


Ага ылайык, баасы 386 млн. АКШ долларын түзгөн “Бишкек ЖЭБин 
модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда мамлекеттик бир катар жооптуу кызматтарды ээлеген кызматкерлер өлкөнүн кызыкчылыктарын коргобостон, долбоордун аткаруучусу болгон “ТВЕА” кытайлык компаниясына негизсиз артыкчылыктарды беришкен.
Ал боюнча комиссиялык соттук-курулуш жана техникалык комплекстик экспертизалар жүргүзүлүп, “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык иш-аракеттердин жыйынтыгында мамлекетке 5 439 527 482 сом (111 252 797 АКШ доллар) өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.
Бул кылмыш иш боюнча тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин мурунку орун басары Сапар Исаковго Кылмыш-Жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгүнүн (Кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген адам), 303-беренесинин 2-бөлүгү (Коррупция) боюнча айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган.
Ошол кездеги КР энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, 
экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, “Электр станциялар” ААКнын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовго, “Электр станциялар” ААКнын ЖЭБини модернизациялоо боюнча тобунун экс-директору Темирлан Бримкуловго, Электр станциялар” ААКнын генералдык директорунун мурунку орун басары Жолдошбек Назаровдорго КР Кылмыш-Жаза кодексинин 30-беренесинин 3-бөлүгү (Түздөн-түз кылмыш жасаган же болбосо аны жасоого башка адамдар менен бирге түздөн-түз катышкан), 303-беренесинин 2-бөлүгү (Коррупция) боюнча айыптары угузулуп, бардыгына бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган.

Ал эми энергетика министринин ошол кездеги орун басары Айбек Калиевге Кылмыш-Жаза кодексинин 30-беренесинин 3-бөлүгү (Түздөн-түз кылмыш жасаган, же болбосо аны жасоого башка адамдар менен бирге түздөн-түз катышкан), 303-беренесинин 2-бөлүгү (Коррупция) жана 183-беренеси (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу) боюнча айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган.


Экс-каржы министри Ольга Лавровага Кылмыш-Жаза кодексинин 
304-беренесинин 4-бөлүгү (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары эч жакка кетпөө тууралуу кол кат түрү тандалган.


Мамлекетке келтирилген материалдык зыянды ордуна келтирүү максатында айыпкерлерге жана алардын жакындарына таандык мүлктөр камакка алынган. 2019-жылдын 11-февралында айыптоо корутундусу Башкы прокурордун орун басары тарабынан бекитилип, кылмыш иш Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна негизинен кароо үчүн жиберилген. Свердлов райондук сотунда кылмыш иш боюнча алдын-ала угуу сот отуруму үстүбүздөгү жылдын 18-февралында КР Жазык-процесстик кодексинин 270-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун талабына ылайык, өзгөчө оор кылмыш иштер боюнча алдын ала угуу тараптардын катышуусу менен жабык режимде жүргүзүлгөн.


Кезектеги кийинки алдын ала соттук отуруму 27-февралда улантылып, жактоочулар тарабынан (Кылмыш ишти прокурорго кайтаруу, алдын ала угууда далилдерди алып салуу ж.б.) сыяктуу өтүнүчтөр келтирилген. Бирок бул өтүнүчтөр сот тарабынан канааттандыруусуз калтырылган. 4-март күнү жактоочу Замир Жоошев Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу жиберген. Бирок Бишкек шаардык сотунун 19-мартындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 27-февралындагы токтому өзгөртүүсүз, ал эми жактоочунун апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылган.


Кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна келип түшүп, соттук отурум 3-апрелге дайындалган, бирок айыпкер Айбек Калиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев белгисиз себептер менен келбей калгандыгына байланыштуу кийинки соттук отурум 10-апрелге жылдырылды.
Кезектеги соттук отурумда КР Жазык-процесстик кодексинин 314-беренесине ылайык (соттук териштирүүнүн башталышы), соттук териштирүү мамлекеттик айыптоочу тарабынан айыптоо актысын баяндоо менен башталат. Андан соң ушул эле кодекстин 315-беренесинин (далилдерди иликтөөнүн тартиби) талаптарына ылайык, төрагалык кылуучу судья тараптардын пикирлерин угуп, далилдерди иликтөөнүн мөөнөтүн аныктайт.


Кийинки сот отуруму дагы мыйзамдын талаптарына ылайык ачык өтөт. Ага бардык каалоочулардын катышууга укугу бар.

Количество просмотров: 19