30-октябрда жалпы наркы 20 миң долларга бааланган заманбап компьютерлер, проекторлор жана башка жабдууларды расмий тапшыруу аземи болот. Бул жабдуулар 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирүүчү Кылмыш-жаза кодекси жана Жазык-процессуалдык кодекси боюнча прокуратуранын учурдагы жана жаңы кызматкерлерин окутууга шарт түзмөкчү. 2001-жылдан баштап, баңгизат каражаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү, жемкорлук жана адам сатуу менен күрөшүүгө көмөктөшүү максатында Кыргызстанга жалпы 25 миллион доллар өлчөмүндө техникалык жардам көрсөтүлгөн.