• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды

23 Аяк оона 2023 17:14 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 21-сентябрда кылмыш иштер боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары келип түшкөн акча каражаттарын инвентаризациялоодо Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Р. Абдрасуловдо өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарынын жетишпестиги аныкталды. Ошол эле күнү Аскер прокуратурасы тарабынан бул факты боюнча кылмыш иши козголуп Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесинин негизинде Р.Абдрасулов кармалган.

Бүгүнкү күнгө Р. Абдрасулов тарабынан ыйгарылып алынган акча каражаттары толугу менен ордуна коюлду. Ыйгарылып алынган акча каражаттары жеке адамга таандык болгон, мамлекетке зыян келтирилген эмес. Тергөө аракеттери улантылууда

Количество просмотров: 337