• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Башкы прокуратурасынын өрттөлгөн имаратынын ордунда эмне болот?

25 Жетинин айы 2020 14:24 Бишкек Govori.TV

Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин тапшырмасы менен Бишкек шаарынын мэриясы өрттөнүп кеткен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жайгашкан жерде долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө каражат бөлүү жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун имараттын курулуш конструкциясынын учурдагы абалы жөнүндө техникалык корутундусунун жана шаардык муниципалитеттин буйругунун негизинде, капиталдык курулуш башкармалыгы техникалык тапшырманы иштеп чыгып, долбоорлоо иштерине тендер жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өрттөлгөн имаратынын ордуна эки имарат, Бишкек шаардык Кеңешинин аппараты жана экинчисине шаардын ар тарабына чачырап кеткен шаардык кызматтар жайгаштырылат, бул шаардык кызматтардын натыйжалуу иштөөсүнө таасирин тийгизет. Эки блок жети кабаттуу болот.

Белгилей кетсек, түзүмдүк бөлүмдөрдүн да, шаардык кызматтардын да кызматкерлеринин, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлеринин толук кандуу иштеши үчүн жайлардын жоктугун эске алганда, долбоор учурда абдан актуалдуу.

Количество просмотров: 218