• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Башкы прокурор: 395 экстремисттик сайт жабылды

18 Бугу 202016:18 Бишкек Govori.TV

Өткөн жылы Кыргызстанда 395 экстремисттик сайтка бөгөт коюлган. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 18-майда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде отчет берип жатып билдирди.

«Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир», «Талибан» жана «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмдарынын материалдарына байланыштуу, экстремизм жана террорчулуктун алдын алуу максатында жабылган»,-деп билдирди Жамшитов.

Жамшитов 2019-жылда аткарылган иштер, ачылган кылмыш иштер тууралуу маалымат берүүдө.

Количество просмотров: 88