• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Башкы прокурор: Айтпай-дебей соттук процесстерге катышабыз

8 Бирдин айы 20229:46 Бишкек Govori.TV

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жетекчилиги алдында кеңейтилген коллегиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Жыйындын күн тартибинде прокуратура органдарынын 2021-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, ушул жылга карата аткарылчу иш-аракеттер жана башка маселелер талкууланды.

«Облустук, райондук прокурорлордун ишин орун басарларым, өзүм дагы айтпай-дебей барып текшеребиз, соттук процесстерге катышабыз. Бизнесмендерден арыз түшсө алардын укугун коргоңуздар. Керектүү кагаздарын алып берип бизнеске шарт түзүңүздөр», — деди Зулушев..

Количество просмотров: 153