• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Башкы прокурор: Бакиевдерди алып келип, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатат 

6 Чын куран 202217:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралып жатат. Жыйында депутат Жанарбек Акаев Бакиевдерди алып келүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

«Диктатордук кандуу режим кулаганына эртең 12 жыл болот. Мындан каза болгондордун саны 152ге жетти. Ошол Бакиевдерди алып келип жоопко тартуу боюнча прокуратурада иштер болуп жатабы?»,-деди ал.

Ал эми Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бакиевдерди алып келип, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын билдирди.

«Алар ашка өлкөдө болгондуктан, прокуратура тарабынан бир нече кат жөнөтүлгөн, бир нече кылмыш иштери козголгон. Аларды башка өлкө берүүдөн баш тарткандыктан, сиз айткан жарандардын бирин да мамлекетке алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатат»,-деди ал.

Количество просмотров: 306