• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Башкы прокурор: Данияр Үсөновду Кыргызстанга өткөрүп бербей жатышат

21 Бугу 2020 13:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Башкы прокуратура 2019-жылдагы иши тууралуу отчет берип жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Таабалды Тиллаев мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновду Кыргызстанга кайтаруу үчүн кандай аракеттер жүрүп жатканын сурады.

Жамшитов 2017-2018-жылдан тарта Белоруссиянын тийиштүү органдарына жазасын өтөө үчүн Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча кайрылуу жасап жатышканын айтты.

«Данияр Үсөнов кийин Урицкий деп чыгып жүрдү. 2017-2018-жылдардан баштап эле Белоруссиянын тийиштүү органдарына жазасын өтөө үчүн бизге өткөрүп берүү боюнча кайрылуу берип келем. Өзүм да барганда ушул маселени көтөрүп, 3 жолу сүйлөштүк. Ооба, карайбыз дейт, бирок 2018-жылы Белоруссиянын соту саясий негиздер менен соттолгон деп негиз кылып туруп, бизге берүүдөн баш тартып койгон. Ошого карабастан Белоруссиянын Башкы покуратурасынан маселени чечип бергиле деп сурап келебиз», — деди Жамшитов.

Количество просмотров: 154