Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады. Бул тууралуу 27-декабрда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев айтты.
Анын айтымында, депутатка Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.
Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.
Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.