• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Башкы прокурор депутаттардан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурады

31 Бугу 2023 12:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоокерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча сунушу келип түштү. Бул тууралуу жыйын учурунда ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев билдирип, комиссия түзүү керектигин билдирди.

«Эки маселе коюптур, эки берене боюнча. КРдин депутаты Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде 278-беренесинин1-бөлүмүндө жана 36-беренесинде 326-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн биринчи, экинчиси депутат Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүңүздөрдү өтүнөм», — деди төрага Башкы прокурордун өтүнүчүн окуп берип жатып.

Бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, ага ар бир фракциядан жана депутаттык топтон бирден депутат кирди. Жобого ылайык, түзүлгөн комиссия белгиленген мөөнөтүн ичинде ишти тергеп чыкмакчы.

Башкы прокурордун сунушун карай турган депутаттык комиссиянын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо жана Динара Ашимова кирди.

Количество просмотров: 80