• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Башкы прокурор: Өлкөдө кылмыш ишин жумушсуз жарандар көп жасаган

5 Бирдин айы 202116:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында жалпы 31 миң 211 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда маалымат жыйын учурунда Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Зулушев 2020-жылы 116 миң 166 кылмыш иши тергелип, 8 миң 599у сотко жиберилгенин айтты.

«Өткөн жылы кылмыш жасаган адамдардын саны 24 миң 320 адамды түздү. Анын ичинен 1 миң 31и жашы жетпеген өспүрүм, 4 миң 265и аял, 11 миң 704ү эч жерде иштебейт, 209у мурда кылмыш жасаган жаран», — деди Зулушев.

Количество просмотров: 150