Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча өтүнүч Польшага кайра жиберилген жок. Бул тууралуу 4-ноябрда Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.
“Интерпол Польшада кармаган Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин 2020-жылдын июнь айында карап жатканын билдирген. Бирок андан бери жооп боло элек. Кыргызстан тарап кайра кайталап өтүнүч жөнөткөн эмес”, — деди Зулушев.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын ушул жылдын 11-февралында маалымдаган.
Райкүл Жапарова 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон.