Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин 2 комитетинин биргелешкен жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев «тергөө менен кызматташуу» деген түшүнүктү жоюш керек экенин айтты.
«Адам башка бирөөнү, балким бейкүнөө кишинин үстүнөн жалаа жаап, кутулуп кетиши мүмкүн. Тергөө оңой жолго түштү. Тергөөчүнүн кесипкөйлүгүнө зарылчылык жок болуп калды. Тергөөчү изденбей калды. Себеби бирөө тергөө менен кызматташса, болду, ошонун көрсөтмөсү менен тигини жоопко тартат, бул жеңил жаза алып калат. Бул мыйзамдардагы мүчүлүштүктөр», — деди ал.