• Шаршемби 22 Жалган куран 2023
  • Среда 22 Март 2023

Башкы прокурор Зулушев бир жылда канча киреше тапты?

9 января 2023 в 11:11 Бишкек Govori.TV

Салык кызматы Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин мал-мүлкү тууралуу маалыматты жарыялады.

Ал 2021-жылга карата киреше-чыгашасын жана байлыгын көрсөтүп декларация тапшырган. Документке ылайык, Зулушев бир жылда 1 миллион 88 миң сом киреше тапкан, ал эми чыгашасы тууралуу маалымат жок.

Toyota маркасындагы автоунаасы бар. 70 миң сомдук эмерекке, 35 миң сомдук компьютер жана техникага ээлик кылат. Бодо малы 250 миң сомго, жылкылары 3,6 миллион сомго бааланат.

Жакын туугандары 300 миң сом киреше тапкан, алардын да чыгашасы көрсөтүлгөн эмес. 119 чарчы метрлик жер тилкеси, аянты 8,1 гектар айыл чарба багытындагы жери көрсөтүлгөн. Ошондой эле 213,7 чарчы метрлик жери бар.

Количество просмотров: 162

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда