• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Башкы прокурор Зулушев эжеси каржы пирамидасынан жабыркаганын айтты

9 Бирдин айы 2022 15:24 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратурага каржы пирамидасынан жабыркаган жүздөгөн жаран кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы басма сөз жыйында билдирип, Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаеванын кызы аралашкан кылмыш иши боюнча маалымат берди.

«Украинанын жарандары Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстанга качкан экен. Алардын офисинде үч кыргызстандык жаран иштеген. Токбаеванын кызы да бар, менин маалыматым боюнча ал эки айга камакка алынган. Тергөө жүрүп жатат. Негизи пирамида боюнча юридикалык баа берүү аябай кыйынчылыкка турат. Себеби уюштуруучулар чет өлкөнүн жарандары, биз аларды кармап калганга мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок, иш козгоп, текшере баштаганда өлкөдөн чыгып кетишкен. Бирөө Өзбекстанда камакта жатат. Биз кат жөнөттүк, жыйынтык боло элек», — деди Башкы прокурор.

Зулушев ошондой эле каржы пирамидасынан өзүнүн эжеси да жабыркаганын кошумчалады.

«Менин эжем да Ошто жеке клиникасы бар, аны иштеткенине 15 жылдан ашты. Ал да уулу менен каржы пирамидасына жазылган экен. Чыгымы 30 миң доллардан ашкан. Маалыматтар чыгып, иш козголгондон кийин арыз жазыңыз деп айттым. Бирок ал акчасын өндүрүп алууга көз жетпейт деп арыз жазган жок. Башка жабыркаган жарандар чара колдонуп берүүнү өтүнүп, арыз бергендер токтой элек», — деди Зулушев.

Белгилей кетсек, Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Айнаш Токбаеванын кызы 4-февралда каржы пирамидасы боюнча кылмыш ишинде шектүү катары кармалган.

Количество просмотров: 578