• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Башкы прокурор Зулушев кайниси кармалган иш боюнча эмне дейт?

31 Үчтүн айы 2024 16:22 Бишкек Govori.TV

Бугүн, 31-январда Башкы прокурор Курманкул Зулушев бажыдагы коррупцияга шек саналып кармалган кайнисинин иши боюнча журналисттерге комментарий берди.

«Былтыр жаз айында Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитети тарабынан Түштүк бажы боюнча кылмыш иши козголгон. Онго жакын бажы кызматкерлери камакка алынган. Алардын арасында менин бир тууган кайним да шектелип кармалган. 3-4 ай камакта жатып, кийин үй камагына чыгарышты. Мен кийлигишип, тапшырма берген жокмун. Мыйзамдуу тергелсин дедим. Бүгүнкү күндө тергөөсү аяктап, 2023-жылдын 4-декабрында 9 адамдын иши кыскартылыптыр»,-деди

УКМК 2023-жылдын март айында Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматта алар Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштуруп алганы жазылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 26-майда Зулушевдин кайниси бар экенин бышыктап, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталганын билдирген.

Количество просмотров: 126