Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Султанов Улукбек Ташболотович башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Жапаров кол койгон дагы бир Тескемеге ылайык, буга чейин аталган кызматтагы Молдокматов Абай Молдокматович кызматынан бошотулган.