• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Башкы прокуратура АКШ жараны менен түнөгөн интернат кыздары боюнча кылмыш ишин козгоду

5 Чын куран 2018 11:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.04.02. Govori.TV
Чүй облусундагы мектеп-интернаттагы балдарды чет элдик жарандарга берүү боюнча кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Бул туурасында башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Алмамбет Абдраманов Govori.TV  сайтына билдирди.
Анда «Чүй облусундагы мектеп-интернаттын жетекчиси мыйзамсыз турдө интернаттагы балдарды асырап алууга талапкер болгонуна карабай чет элдик жарадарга берген. Алар тиешелүү кызматкерлердин көзөмөлүсүз тааныш эмес чет элдик жаран  менен Бишкектеги мейманканада үч күн жашаган. Бул  боюнча 304-беренесинин (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда бул факты боюнча тергөө уланууда» -дейт Абдраманов.
Эске сала кетсек, быйыл 6-январда Чүй областынын Чүй районундагы мектеп-интернатында тарбияланып жаткан 8 жана 10 жаштагы эки кыз  АКШ  жараны менен үч күн мейманканага түнөдү деген маалымат интернат булактарына чыккан. Бул маалыматтан кийин атайын Билим берүү министри, ИИМ жана Чүй райондук мамлекеттик адиминстрациясынын өкүлдөрүнөн комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү ишин баштаган. Бул иш  укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлгө алынганы да айтылган.
Белгилей кетсек бул кыздар боюнча Чүй райондук ИИМ бөлүмү тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, Чүй райондук мектеп-интернаттын директору жана мугалимдери суралган. Жыйынтыгында кылмыш жаза кодексинин кылмыш жаза процессуалдык кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2чи пункту менен кылмыш иш козгоодон баш тартылган.
Количество просмотров: 14