• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Башкы прокурор болчу Өткүрбек Жамшитов ким?

24 Чын куран 20188:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.04. 2018. Govori.TV

Кыргызстандын башкы прокурору кызматына Жалал-Абад облусунун прокурору Өткүрбек Жамшитов келиши мүмкүн. Бул тууралуу Акүйдөгү өздүк булактарыбыз билдирди.
Анда белгилүү болгондой, 42 жаштагы бул талапкер Оштун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын кулуну. 1996-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин “укуктануу”  факультетин окуп бүткөн.
1997-жылы эмгек жолун Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы кызматынан баштаган. Андан бери Талас облустук, Бакай-Ата, Алай, Кадамжай, Лейлек райондук прокуратурасында иштеген. 2015-жылдан бери Жалал-Абад облусунун прокурору, II класстагы юстициянын кеңешчиси чини бар.

 

Количество просмотров: 29