19-январь күнү эртең менен Башкырстандын борбору Уфа шаарынын Салават Юлаев атындагы борбордук аянтына жүздөгөн адам чогулду. SotaVision басылмасы алардын санын бир жарым миң деп эсептеди.
Эки күн мурун 4 жылга эркинен ажыратылган активист Фаил Алсыновдун тарапташтары социалдык тармактар аркылуу акцияга чыгууга чакырышкан. Ага чейин өкүм чыккан күнү Баймак шаарында демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуулар болгон.
Уфага чогулган эл аянтта тегерене бийлеп, башкыр ырларын ырдап жатышат. Полициячыларга алар жөн гана сейилдегени келишкенин айтууда.
ОМОН бир нече кишини кармап кетти. Алардын арасында далысына Алсыновдун «кара калк» деген сөзү жазылган баракчаны чаптап алган кыз да бар.
Башкырстандын Ички иштер министрлиги буга чейин макулдашылбаган акцияга катышкандар жоопкерчиликке тартыла турганын эскерткен.