• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Башпрокуратура Ө. Текебаевдин ишин кароодон баш тартты

12 Кулжа 2018 18:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12. 06. 2018. Govori.TV

КРнын Башкы Прокуратурасы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин кароодон баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочуларынын бири Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымына караганда, башкы көзөмөл органы саясатчынын кылмыш ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча жактоочулардын өтүнүчүн карап чыгып, ишти кайра кароого негиз жоктугун билдирген.

Буга жактоочулар макул эмес жана Башкы прокуратуранын бул чечимин Сотко берип, сот аркылуу алардын ишти кайра кароодон баш тартуусу мыйзамсыз экенин далилдешмекчи.

Количество просмотров: 7