• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Башынан ок тийген тажикстандык мигрантка компенсация төлөнүп берилет

7 Бирдин айы 2020 9:47 Бишкек Govori.TV

Москва шаарынын Черемушкин райондук соту Тажикстан жараны Сулаймон Саидовго 1,3 миллион рубль (20 миң доллардан ашык) компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

2016-жылы апрелде Москвадагы «Калужская» метросунда Сергей Царев аттуу киши Саидовду травматикалык пистолет менен атып кеткен.

Царев мас абалында Саидовдун метродон түшүп кетишин талап кылып, аны “кара маймыл” деп кемсинтип, жаңжал учурунда ок чыгарган.

Саидов башынан жаракат алган, оң көзү көрбөй калып, протез салдырган. Протезди жыл сайын алмаштырып турушу керек.

Царев окуя болгон жерден качып кетип, кийинчерээк кармалган. 2018-жылы августта ал 10 жылга түрмөгө кесилген.

Саидов жарандык доо арыз менен сотко кайрылып, Царевден медициналык чыгымдары үчүн 300 миң рубль жана моралдык компенсация иретинде 18 миллион рубль талап кылган. Бирок сот кенемтенин өлчөмүн алда канча азайтып, материалдык зыян үчүн 589 миң рубль жана моралдык зыян үчүн 750 миң рубль төлөө чечимин чыгарган.

Саидов бул кол салуудан кийин Тажикстанга кайткан. Учурда ал майыптыгы үчүн 113 сомони (11,6 доллар) жөлөк пул алат.

Количество просмотров: 111