• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Баткен: 183 турак үйдүн пайдубалы курулууда

26 Тогуздун айы 2022 15:16 Бишкек Govori.TV

Жалпы Баткен облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланган анын ичинен бүгүнкү күндө кичи мекенине 132 767 жаран кайткан. Бул тууралуу ӨКМ маалымат таратты.

Убактылуу кабыл алуу жайларда 278 жаран жайгашкан. Алардын 9у Ош шаарында, 41и Жалал-Абад облусунда, 9у Ысык-Көл облусунда, 52и Чүй облусунда, 167си Баткен облусунда. Ал эми жарандардын үйлөрүндө 3725 адам бар.

Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 661 тактап айтканда, Баткен шаарында 21, Баткен районунда 454, Лейлек районунда 186 турак үй жабыркаган. Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, 238 турак үй оңдоп-түздөөгө муктаж. Ал эми 11 административдик, стратегиялык, 27социалдык объект, 335 сарай 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

Учурда 422 үй бузулду, ӨКМ 387 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 35 турак үй бузуп тазалашты. 1 турак үй чек ара тилкесинде болгондуктан тазаланган жок. Аткарылган жумуштун көлөмү 112 587 м3ду түзүп, курулуш таштандылары чыгарылды.

Учурда 183 турак үйдүн пайдубалы курулууда (147 Баткен р., 36 Лейлек р). 116 үйдүн фундаменти бүттү (85 Баткен р, 31 Лейлек р.). 15 үйдүн дубалдарынын курулушу жүрүүдө (1 Баткен ш., 14 Баткен р.).

Жабыркаган жарандарга жардам берүү үчүн Баткен облусуна жалпы 1636 тонна гумжардам келип түшкөн. Анын ичинен 322 тонна ӨКМ тарабынан, 1134 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткиришкен. Кампада 180 тонна гуманитардык жардам сакталууда.

Мындан сырткары Баткен облусунда жалпы 68 мобилдик үй, 40 кийиз үй, 26 боз үй орнотулду. Ал эми кампада 1 кийиз үй, 61 боз үй, 2 бөлмөлүү 5 жана 1 бөлмөлүү 4 мобилдүү үй, 109 чатыр,1100 комплект керебет, матрац, жаздык, шейшеп, 140 буржуй меши, 300 даана электр жылыткыч сактоодо турат.

Количество просмотров: 92