• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Баткен: Дайынсыз болуп жаткан 4 жаран тик учак менен алып келинди

19 Аяк оона 2022 10:59 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштан улам төрт адамдын дайыны чыкпай жаткан. Изделип жаткан адамдар кечээ, 18-сентябрда табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка караганда, чек арада жайгашкан айылдардын бири – Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары куралдуу кагылышуу учурунда тоо тарапты көздөй качып, тоолордун арасында бекинип жатышкан.

Табылган ак-сайлыктарды эвакуация жумуштарынын алкагында абалына карап, тик учак жөнөтүп Баткенге алып келишти.

Количество просмотров: 1245