• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баткен облусуна 54 тонна азык-түлүк жөнөтүлдү

29 Чын куран 2021 20:56 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна 54 тонна азык-түлүк жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан бидиришти.

Маалыматка караганда, Баткенге жөнөтүү үчүн дары-дармектердин жана медициналык таңуу материалдарынын тизмеси түзүлүп жатат.

Эске салсак, кечээ, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, эки тараптын ортосунда жаңжал чыккан. Бүгүн, 29-апрелде борбор калаада «Баткен, сен жалгыз эмессиң» аталышындагы тынчтык митинги өттү.

Количество просмотров: 124