• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Баткенде Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет

21 Тогуздун айы 2019 9:38 Бишкек Govori.TV

26- октябрда Баткен облусунда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Баткен облусунда өтүүчү мааракенин алкагында илимий-практикалык конференция өткөрүү, А. Орозбеков тууралуу даректүү тасма даярдоо, театрлаштырылган көрсөтүү, концерттик программа жана спорт иш- чаралары өткөрүү пландалууда.

А. Орозбековдун 130 жылдык иш- чарасын уюштуруу жана өткөрүү планына ылайык, облуста А. Жалилов атындагы көчөгө асфальт төшөлүп, А. Орозбеков атындагы музейдин тегереги көрктөндүрүлдү. Ошондой эле, Кадамжай шаарындагы А. Орозбеков атындагы көчөнүн тротуары жана борбордук стадиону оңдоп түзөөдөн өттү,- деп айтылат маалыматта.

Абдыкадыр Орозбеков — Кыргызстандын совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери, кыргыз совет мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири. Ал 1889-жылы Фергана облусунун Маргалаң уездиндеги (азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда) Охна айылында жакыр үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз тилинен башка, орус, тажик жана өзбек тилдеринде сүйлөгөн.

Количество просмотров: 54