Залкар дирижер, улуу композитор Социалистик эмгектин баатыры, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Эл артисти Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чара 28-сентябрда 14:00дө Улуттук филармонияда өтөт.
«Ошол эле күнү саат 11:00дө министриАзамат Жаманкулов жана министрликке караштуу маданият мекемелеринин жетекчилери, кесиптештери, туугандарынын катышуусу менен Ала – Арча көрүстөнүндө маркумдун эстелигине гүл чамбар коюлуп, куран окутулат», — деп кошумчалашты министрликтен.
Улуу талант Калый Молдобасанов 2006-жылдын 29-майында дүйнөдөн кайткан.