• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Алымбек датканын 220 жылдыгы белгиленет

7 Тогуздун айы 2019 15:24 Бишкек Govori.TV

Тарыхый инсан Алымбек датканын 220 жылдык маарекеси белгиленет. Бул тууралуу маданият министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде маарекелерге карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Министрдин айтымында, мааракеге арналган иш-чаралардын алкагында бир нече илимий-конференциялар өткөрүлөт.

Азыр Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын сунуштарын күтүп жатабыз, — деди Азамат Жаманкулов.

Эске салсак, 1799-жылы Алай өрөөнүндө туулуп, 1863-жылы кайтыш болгон. Ал Мадали хандын чакыруусу менен Кокон хандыгында кызмат өтөп, узак жылдар бою хандардын кеӊешчиси, аталык, Анжыян жана Ош шаарларынын беги болуп турган.

Количество просмотров: 117