Megacom
  • Ишенби 8 Баш оона 2020

Баткен облусунда коомдук тамактануучу жайлар жабылат

14 июля 2020 в 17:29 Бишкек Govori.TV

Мындай чечим коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча облустук штабдын кезектеги отурумунда, кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында кабыл алынды.

15-июлдан тарта аймактагы коомдук тамактануучу жайлар, ашкана, кафе, ресторан, бал муздак сатуучу жайлардын иштөөсүнө убактылуу абал турукташканга чейин тыюу салынат.

14-июлдан тарта облустун аймагындагы район, шаар аралык коомдук транспорттун каттоосуна убактылуу абал турукташканга чейин токтотуу чечими кабыл алынды.

Район шаарлардын башчыларына кырдаалга жараша райондук, шаардык штабдын чечиминин негизинде карантин киргизүү сунушталды.

Санитардык карантиндик посттон жеке такси кызматтарынын облустун аймагынан чыгууларына тыюу салуу, дыкат көзөмөлдөө, талапты аткарбаган айдоочуларга карата тийиштүү чара көрүү жагы белгиленди.

Количество просмотров: 42