• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баткен облусунда сел жүрүп, жети турак үйдүн огороддоруна шагыл толтурган

3 Баш оона 2018 12:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.08.2018.Govori.TV.

Баткен облусунда жаап өткөн жаандын кесепетинен турак үйдүн огороддорун жана ички чарбалык арыктар шагыл аралаш селге толгон. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

«Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында 2018-жылдын 2-август күнү саат 11:20 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен Кара-Шоро айылында жайгашкан 7 турак үйдүн огороддоруна шагыл аралаш сел кирген. Турак үйлөргө эч кандай зыян келтирилген эмес. Ошондой эле, ички чарбалык унаа жолдун 200 метр аралыгын, 150 метр ички чарбалык арыктар жана 150 метр ички чарбалык канал кум шагылдарга толгон»,- деп айтылат билдирүүдө.


Кырсыктын кесепеттерин жоюуга райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, №46 ЖТИден 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган.
Натыйжада 3 турак үйдүн короосу, 150 метр ички чарбалык арыктар жана 150 метр ички чарбалык канал кум шагылдардан толугу менен тазаланган.

Тазалоо иш чаралары бүгүн, 3-август күнү улантылат.

 

Количество просмотров: 27