Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан тастыктаган.
Маалыматка ылайык, облустун прокурору Баткен шаарынын чекесинде, талаада денесине залакат келтирилип өлтүрүлгөнү аныкталды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар айтылбайт. Шектүү кишилер бар. Кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.