• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Баткен облусунун тургундарына 14 мамлекеттик жана муниципалдык кызмат акысыз көрсөтүлөт

20 Бирдин айы 2022 10:34 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун тургундарына 14 мамлекеттик жана муниципалдык кызматты акысыз жана жеңилдетилген негизде көрсөтүү тууралуу Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды. 

Ошондой эле Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелеринин тизмеси жана Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктерди берүүдө инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелерди берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди. 

Тизме аркылуу өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелери аныкталат. 

Өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарды, атап айтканда, Баткен облусун өнүктүрүү программасына киргизилген долбоорлор үчүн кепилдиктер берилет.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 22-февралда Баткен облусунда биринчи көчмө жыйын болорун, анда облустун инфраструктурасынын абалы, социалдык-экономикалык жана инвестициялык өнүгүүсү, жазгы талаа иштерине даярдыктар тууралуу маселелер караларын белгиледи. 

Количество просмотров: 1045