• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Баткен: Октон жаракат алган өспүрүмдүн абалы айтылды

8 Баш оона 2022 15:11 Бишкек Govori.TV

Баткенде октон жаракат алган 8 жаштагы баланын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өспүрүм Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген.

Эске салсак, кечээ, 7-августта саат 19:00дөр чамасында Баткен облусунун Баткен районундагы «Миң-Булак» чек ара тозотунун нөөмөттөгү жоокери Ж.у.К. «Миң-Өрүк» убактылуу чек ара өтмөгүнүн аймагында турганда анын жанына 8 жаштагы үч бала келген. Жоокер Ж.у.К. алаксый түшкөндө балдардын бири 2013-жылы туулган С.Б. куралды алып, атып жиберген. Натыйжада ок 2014-жылы туулган С.А.К.га тийген.

Аталган факт Баткен облустук ички иштер башкармалыгына каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган, анын жүрүшүндө зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалган.

Мындан тышкары, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан жоокер Ж.у.К.нын аракеттерине карата текшерүү жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 152