• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Баткен: Сел жүрүп, жол каттамы үзгүлтүккө учурады

5 Кулжа 2022 10:04 Бишкек Govori.TV

Баткен районунун Ак-Сай айылынын тоолорунда жааган жаандын кесепетинен Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай жолунда сел жүрүп, жол каттамы үзгүлтүккө учураган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Бел айылында дагы жааган жаандан сай ичиндеги 2 чакырымга жакын ички чарбалык жол жана сай жээгиндеги 9 участкага сел суулары кирген.

Бактыга жараша адам өмүрүнө жана мал жандыктарына зыян келген эмес.

Количество просмотров: 777