• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткен Шерниязов дүйнөдөн кайтты

5 Бугу 202512:52 Бишкек Govori.TV

Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Абылкасым (Баткен) Шерниязов 53 жашында каза болду.

Бул тууралуу анын агасы, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Шерниязов соңку учурда ооруп жүргөн.

Ал 1971-жылы Баткен облусунда туулган. Жеке ишкерлик менен алектенип жүрүп “Манас” эпосун колдоо жана жайылтуу максатында “Манас-Мурас” деген коомдук фонндду жетектеген. 2023-жылы өкмөттүн алдындагы Туризмди колдоо фондунун жетекчилигине дайындалып, бир жылга жакын иштеген. Ал 2020-жылы “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен парламент депутаттыгына ат салышкан.

Баткен Шерниязовдун сөөгү 6-майда кичи мекени Таластагы Чоң-Капка айылында жерге берилет.

Количество просмотров: 1313