• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткен: Турак жай кооперативдерине алдангандар милицияга кайрылды

18 Теке 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда турак жай кооперативдерине алданган жарандар милицияга кайрылууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “S-line”, “Ихсан групп ЛТД” жана “Биринчи турак жай” сыяктуу турак жай кооперативдерине көп сандаган жарандар алданган. Арасында Баткен облусунун тургундары да бар.

«Учурда жогорудагы алданууларга Баткен облусу боюнча 10го жакын жарандар арыз менен облустун аймактарындагы ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылууда. Бирок мындай кооперативдер улам жаңы ат менен пайда болуп, калың элге жарнамаланып, кеңири жайылтууда. Ошондуктан ар бир жаранды так болууга,  каржылык сабатын жогорулатууга, жеңил жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 135