Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 27-январда өзгөчө макам берилчү тизмеге кирбей калган айылдар боюнча маалымат берди.
«Баткен облусундагы өзгөчө статусу бар чек аралаш 62 айылдын тизмеси алгач Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылы 20-мартта № 186 Токтомунда кабыл алынган. Андан кийин 2020-жылдын 26-июнундагы № 359 Токтомунун негизинде өзгөртүүлөр киргизилген. Бул Токтомдо бир катар жеңилдиктер каралып, бирок бүгүнкү күнгө чейин ал жеңилдиктер каралып ишке ашкан эмес. Баарыңыздарга маалым болгондой жакынкы убакта эле мен өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болдум. Анда Баткен облусунун өзгөчө макамынын алкагында каралган жеңилдиктер боюнча чечим кабыл алды. Буюрса мунун баары 1-марттан баштап ишке ашат. Ал эми 62 айылдын тизмесине кирбей калган айрым айылдар боюнча биз бүгүнкү күндө иштеп жатабыз. Бул боюнча Өкмөттүн атайын комиссиясы да түзүлгөн.Буюрса кабыл алынган Токтомго өзгөртүүлөр киргизилип калса, облусубуздун чек арага жакын бир топ айылдары үчүн жеңилдиктер болот деп ишенемин»,-деп билдирди ал.
Буга чейин Алимбаев Фейсбуктагы баракчасына чек арага жакын жайгашкан, өзгөчө макамы бар айылдардын тизмесин жарыялаган. Анын маалыматына ылайык, тизмеге облус боюнча жалпы 62 айыл кирди.
Лейлек району боюнча өзгөчө макам берилген айылдар:
Баткен району боюнча өзгөчө макам берилген айылдар:
Кадамжай району боюнча өзгөчө макам берилген айылдар:
Эске салсак, «Баткен облусунун статусу тууралуу» мыйзам долбоору өткөн жылы июль айында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан үч окууда кабыл алган. 2021-жылдын 10-сентябрында президент мыйзамга кол койгон. Үстүбүздөгү жылдын 20-январында президент Садыр Жапаров Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевди кабыл алган. Жолугушууда Алимбаев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамдын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берген. Ошондой эле, чек арага чектеш калктуу конуштардын тизмеси бекитилип, 62 айылда киреше салыгы 15%га чейин төмөндөтүлүп, пайда жана сатуудан алынуучу салыктардан бошотулган. Министрлер кабинетинин 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсияларды 2000 сомго, жөлөкпулдарды эки эсеге жогорулатуу сунушу колдоо тапкан.
Ошондой эле, тизмедеги айылдарга электр энергиясын 50% жеңилдик менен берүү, социалдык тармактын кызматкерлерине — дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүлөрү кабарланган.